> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Улан Ниязбеков Казакстанда ИИМдин Башкаруу академиясына барды
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/05/ulan-niiazbekov-kazakstandyn-iimdin-bashkaruu-akademiiasynyn-ishmerduulugu-menen-taanyshty/
- Published: 2026-11-05T08:26:00.000Z
- Updated: 2026-11-05T08:25:59.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Ички иштер министри Улан Ниязбеков иш сапардын алкагында Казакстандын ИИМдин Башкаруу академиясынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул туурасында министрликтин басма сөз кызматынан маалымдашты.** 

Министр академиядагы окуу процессинин уюштурулушу, материалдык-техникалык базасы, ички иштер органдарынын кызматкерлерин даярдоо жана алардын кесиптик деңгээлин жогорулатуудагы заманбап ыкмалар менен таанышты.

> "Анда заманбап билим берүү технологияларын колдонууга, окуу-методикалык иштерди өркүндөтүүгө жана ведомстволук билим берүү тармагында тажрыйба алмашууга өзгөчө көңүл бурулду", - деп жазылат мекеменин маалыматында.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/28f9f1f6-a9fb-4d78-a179-166cd8f55ff7.jpeg)

***Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [***Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)***,** [***Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)***,** [***Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)***,** [***Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [***Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**