> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ысык-Көлдөн 20 килограмм таштанды чыгарылды
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/05/ysyk-koldon-20-kg-tashtandy-chygaryldy/
- Published: 2026-11-05T05:23:21.000Z
- Updated: 2026-11-05T05:24:31.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**4-ноябрда Ысык-Көл облусунда суу биоресурстарын коргоо боюнча рейддик иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Жаратылыш министрлигинен кабарлады.** 

Иш-чараны Жаратылыш министрлигинин Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери Тору-Айгыр жана Тамчы айылдарынын акваторияларында жүргүзүштү.

> Маалыматка караганда, рейддин жүрүшүндө көлдөн узундугу **1500 метр** эски синтетикалык балык уулоочу торлор жана **20 килограмм** таштанды чыгарылды.

Белгилей кетсек, көлдө калган эски синтетикалык торлор суу жаныбарлары жана балыктар үчүн коркунуч жаратып, суу экосистемасына терс таасирин тийгизет. 

***Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [***Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)***,** [***Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)***,** [***Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)***,** [***Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [***Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**