> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте 3 күн бою айыл чарба жарманкеси өтөт
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/06/bishkekte-2-kun-boiu-aiyl-charba-zharmankesi-otot/
- Published: 2026-11-06T04:43:34.000Z
- Updated: 2026-11-06T04:43:34.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Бишкек шаарынын Биринчи май жана Ленин райондорунда 6-8-ноябрь күндөрү айыл чарба жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдирди.** 

> Маалыматка ылайык, жарманке *социалдык маанилүү азык-түлүк продукциялары менен жеткиликтүү баада камсыз кылуу, ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо жана фермерлердин продукциясын ортомчуларсыз түз сатууга шарт түзүү максатында уюштулуруп жатат.* 

**Өткөрүлүүчү даяректер:** 

- Биринчи май районунда **7-8 ноябрдан** баштап Т.Усубалиев атындагы аянтта июнь айына чейин ар ишемби-жекшемби күндөрү өткөрүлөт.
- Ленин районунда **6-7-8 ноябрдан** тартып Жал кичи району. Миңжылкиев- Тыналиев көчөлөрүнүн кесилишинде июнь айына чейин ар жума, ишемби, жекшемби күндөрү өткөрүлөт.

Кошумча маалымат алуу үчүн байланыш номер: 0702 702 000.

***Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [***Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)***,** [***Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)***,** [***Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)***,** [***Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [***Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**