> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте коомдук транспорт боюнча көйгөй талкууланды
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/06/bishkekte-koomduk-transporttun-zhetkiliktuulugu-talkuulandy/
- Published: 2026-11-06T09:18:17.000Z
- Updated: 2026-11-06T09:18:17.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Бишкек шаарынын мэринин орун басары Рамиз Алиев бүгүн Октябрь районунун тургундары менен жолугушуу өткөрдү.** 

> Борбордун мэриясы жолугушууга Октябрь районунун акими Жолдошбек Чуштуков, шаардык кызматтардын жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери да катышканын билдирди. 

Анын жүрүшүндө тургундар райондун өнүгүшүнө, шаардык инфраструктураны жакшыртууга жана калктын жашоо сапатын жогорулатууга байланыштуу бир катар маселелерди көтөрүштү.

**Атап айтканда,* ***коомдук транспорттун жеткиликтүүлүгү, аялдамалардын абалы** *,* ***жол инфраструктурасын жакшыртуу, балдар аянтчаларын куруу жана оңдоо, жер мунапысына** **байланыштуу маселелер,* **автобус каттамдарын оптималдаштыруу** *, ошондой эле тургундарды түйшөлткөн башка актуалдуу көйгөйлөр талкууланды.*

Район тургундарынын сунуш-пикирлери жана кайрылуулары угулду. 

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/891807346_1127845246834249_6261034738589770358_n.jpeg)

Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү шаардык кызматтардын жетекчилерине көтөрүлгөн маселелерди ар тараптуу карап чыгып, аларды чечүүнүн жолдорун иштеп чыгуу боюнча тапшырмалар берилди.

***Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [***Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)***,** [***Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)***,** [***Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)***,** [***Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [***Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**