> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Чоң-Ашуу ашуусунда кар көчкү түшүү коркунучу бар
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/06/chon-ashuu-ashuusunda-kar-kochku-tushuu-korkunuchu-bar/
- Published: 2026-11-06T05:19:01.000Z
- Updated: 2026-11-06T05:19:01.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Коом

**6-ноябрдан 8-ноябрга чейин Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү жана кар күрткүсү пайда болуу коркунучу күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы маалымдады.**

> Билдрирүүгө караганда, өзгөчө Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун 74–90-чакырымдарында, Чоң-Ашуу ашуусунда кар көчкү түшүшү мүмкүн. Ошондой эле жолдор тайгак болуп, муз тоңору эскертилди.

Коопсуздукту камсыз кылуу максатында унаалардын ортосундагы ****500 метр** аралыкты сактоо менен кыймыл чектелиши зарыл.

Айдоочуларга тоолуу жолдордо этият болуу жана жол коопсуздугунун эрежелерин так сактоо сунушталат.