> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Чүйдө рейддик иш-чарада 15 миң сомдон ашык айып салынды
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/06/chuido-reiddik-ish-charada-15-min-somdon-ashyk-aiyp-salyndy/
- Published: 2026-11-06T07:51:55.000Z
- Updated: 2026-11-06T07:57:52.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**5-ноябрда Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору тарабынан Чүй облусунун Жайыл, Панфилов, Москва жана Сокулук райондорунун аймактарында рейддик иш-чаралар өткөрүлдү.** 

> Мекеменин маалыматына ылайык, рейдде көгүчкөндөрдү жем катары пайдалануу менен атайын тузактар аркылуу жапайы канаттууларды мыйзамсыз кармоо фактысы аныкталды. 

Текшерүүнүн жүрүшүндө жапайы канаттууларды кармоого уруксат берүүчү документтер жок экендиги белгилүү болду.

**Аталган факты боюнча Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 261-1-беренесине ылайык* ***10 000 миң сом** **өлчөмүндө айып пул салынып, административдик протокол түзүлдү.* 

Ошондой эле рейдде балык уулоодо колдонууга тыюу салынган синтетикалык торлорду пайдалануу фактысы аныкталды.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/1b08370d-7aec-4438-8039-9d9fed33ab30.jpeg)

Бул факты боюнча да Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 267-беренесине ылайык **5 500 миң сом** айып пул салынып, 1 административдик протокол түзүлдү. Мыйзамсыз колдонулган синтетикалык тор алынган.

**Рейддик иш-чаралардын жыйынтыгында жалпы* ***15 500 миң сом** **өлчөмүндө айып пул салынды.*

***Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [***Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)***,** [***Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)***,** [***Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)***,** [***Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [***Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**