> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Дайджест: Өлкөдө бир аптада орун алган маанилүү окуялар
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/06/daidzhest-olkodo-bir-aptada-orun-algan-maaniluu-okuialar/
- Published: 2026-11-06T13:02:00.000Z
- Updated: 2026-11-06T13:01:59.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Өлкөдө бир апта аралыгында, 2-ноябрдан 6-ноябрга чейин бир топ маанилүү окуялар орун алды. Алардын орчундууларын тизмектейбиз.**

- Өлкө башчы Садыр Жапаров Таласта эл менен жолугушууда пенсиялардын өлчөмү жыл сайын байкалаарлык деңгээлде көтөрүлүп [турарын ](https://im.kg/ekonomika/2026/11/04/prezident-pensiialardyn-olchomun-zhyl-saiyn-baikalaarlyk-kotorup-turabyz/)билдирди.

> "Биз ар жыл сайын пенсиянын көлөмүн жакшы эле көтөргөнгө аракет кылып келе жатабыз. Буюрса, жыл сайын байкаларлык көтөрүп турабыз деген планыбыз бар", - деди президент.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/photo_5422602318550605637_w.max-480x1080.format-webp.webp)

- Кыргызстанда фермерлерди жана айыл чарба ишканаларын колдоо максатында **44,61 млн доллар** өлчөмүндө жеңилдетилген каржылоо берилет.

Тиешелүү келишимге Айыл чарба жана Финансы министрлиги, "АБанк" жана "Элдик Банк" [кол коюшту](https://im.kg/ekonomika/2026/11/04/fermerlerge-aiyl-charba-tekhnikasyn-aluuga-44-61-mln-dollar-bolunot/). 

> Долбоордун алкагында ишкерлер жана жеке жактар айыл чарба техникаларын жана жабдууларын сатып ала алышат.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/5429175340795370589-1-1.webp)

- Садыр Жапаров энергетикалык суусундуктарды өндүрүүгө жана өлкөгө алып кирүүгө тыюу салуу маселесин кароону [өкмөткө тапшырды](https://im.kg/ekonomika/2026/11/05/kyrgyzstanda-energetikalyk-suusunduktardy-onduruugo-importtoogo-tyiuu-salynyshy-mumkun/). Министрлер кабинети маселени бир айда карап чыгып, алты айдын ичинде мыйзам чегинде жөнгө салышы зарыл.

Мамлекет башчысы бул чаралардын максаты - **экономикалык кирешени сактоо эмес,** калктын, айрыкча **келечек муундун саламаттыгын коргоо** экенин белгиледи.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/888506160_1600674387920444_2257253278444386268_n-1.jpg)

- Кыргызстанда 2026-жылдын 1-декабрынан тартып аскер ардагерлеринин пенсиялары **5 500 сомдон 13 000 сомго** чейин [көбөйтүлөт](https://im.kg/ekonomika/2026/11/05/1-dekabrdan-tarta-asker-ardagerlerinin-pensiialary-koboitulot/).

Коргоо министрлиги билдиргендей, пенсиялык төлөмдөрдүн көбөйүү өлчөмү ар бир пенсионер үчүн жекече аныкталат.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/890493555_1820374539754548_5830478419272483296_n.jpeg)

- МинКаб башчысы Адыбек Касымалиев 5-ноябрда Манас шаарындагы бир катар объектилердин ачылышына [катышты](https://im.kg/all/2026/11/05/manas-shaarynda-metall-zavodu-achylyp-turak-zhai-kompleksi-paidalanuuga-berildi/). Сапардын жүрүшүндө "Металлстрой" заводу жана **1065 батирлүү** "Асман Резиденс-7" турак жай комплекси пайдаланууга берилди.

Мындан тышкары, Жалал-Абад облусундагы дагы **16 объект** онлайн форматта ачылды. Алардын арасында жогорку окуу жай, мектептер, медициналык пункт, кыш заводу, спорттук жана маданий жайлар бар.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/6aec2ee1252f7-1.jpeg)

- Кыргызстанда баштапкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу максатында **15 млн доллар** өлчөмүндө кошумча каржылоо [сунушталууда](https://im.kg/ekonomika/2026/11/06/kyrgyzstan-bashtapky-medzhardamdy-zhakshyrtuuga-15-mln-koshumcha-karzhyloo-alat/). Бул каражаттын **10 млн доллары** насыя, **5 млн доллары** грант түрүндө берилет.
- Өлкөдө интеграцияланган агроазык-түлүк паркын түзүү боюнча долбоорду каржылоо жөнүндө үч тараптуу келишимге [кол коюлду](https://im.kg/ekonomika/2026/11/05/kyrgyzstanda-agroazyk-tuluk-parkyn-tuzuu-dolbooruna-370-min-dollar-bolunot/).

Айыл чарба министрлигинын маалыматына ылайык, долбоорго Евразия өнүктүрүү банкы тарабынан **370 509 АКШ доллары** өлчөмүндө каржылык колдоо көрсөтүлөт. 

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/fae9a9b8-c102-4f7e-86ee-12be7469da80.webp)

- Мамлекеттик салык кызматы 2026-жылдын 5-ноябрына карата **426,87 млрд сом** салык жана камсыздандыруу [төгүмдөрүн чогултту](https://im.kg/ekonomika/2026/11/05/salyk-kyzmaty-2026-zhyldyn-5-noiabryna-karata-426-87-mlrd-som-chogulttu/). Бул көрсөткүч 2025-жылдын бүтүндөй жыйынтыгынан **36,61 млрд** сомго көп.
- Кыргызстанда өстүрүлгөн малина, карагатжана ежевиканы Кытайга **экспорттоого** расмий уруксат берилди. Бул ата мекендик дыйкандар жана экспорттоочулар үчүн Кытай рыногуна чыгууга жаңы [мүмкүнчүлүк түзөт](https://im.kg/ekonomika/2026/11/04/kyrgyzstandyk-dyikandar-uchun-kytaidyn-momo-zhemish-rynogu-achyldy/).
- Өлкөдө 2027-жылдын январь айында жарандар катары менен **7 күн**, тактап айтканда **1-январдан 7-январга** чейин эс алышат. Ал эми 8-январь жумуш күнү башталмакчы.

> *Ушул жана башка маалыматты, Ишкер медианын жаңылыктар түрмөгүнөн таба аласыздар.*

***Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [***Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)***,** [***Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)***,** [***Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)***,** [***Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [***Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**