> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан БУУнун аялдардын абалы боюнча комиссиясынын 71-отурумуна даярданууда
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/06/kyrgyzstan-buunun-aialdardyn-abaly-boiuncha-komissiiasynyn-71-oturumuna-daiardanuuda/
- Published: 2026-11-06T08:01:52.000Z
- Updated: 2026-11-06T08:01:51.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Кыргызстан БУУнун Аялдардын абалы боюнча комиссиясынын 71-сессиясына карата бирдиктүү улуттук позициясын иштеп чыгууга киришти. Бул маселе Бишкекте өткөн “Глобалдык милдеттенмелерден улуттук аракеттерге карай” аттуу жыйында талкууланды.**

Иш-чарада 2026–2027-жылдарга гендердик теңчилик боюнча Улуттук иш-аракеттер планын ишке ашыруу, аялдардын жана кыздардын укуктарын коргоо, мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча чаралар каралды.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/whatsapp-image-2026-11-06-at-11.18.42-300x169.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/whatsapp-image-2026-11-06-at-13.34.20-1-300x169.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/whatsapp-image-2026-11-06-at-11.19.57-300x169.jpeg)

Талкуунун жүрүшүндө аялдарга жана кыздарга карата зомбулуктун алдын алуу, сот адилеттигине жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу, басмырлоочу ченемдерди жоюу жана мамлекеттик органдар менен жарандык коомдун кызматташтыгын бекемдөө маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

> Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги комиссиянын 70-сессиясынын жыйынтыктарын Улуттук иш-аракеттер планына киргизүү механизмдерин сунуштады. ИИМ болсо БУУнун Коопсуздук Кеңешинин “Аялдар, тынчтык жана коопсуздук” боюнча 1325-резолюциясын ишке ашыруу планынын аткарылышы тууралуу маалымат берди.

Келерки аптада Борбор Азия өлкөлөрүнүн аймактык консультацияларын өткөрүү пландалууда. Анын жыйынтыгы Кыргызстандын 71-сессияга карата бирдиктүү улуттук позициясын калыптандырууга негиз болот.

Даярдык иштерин Эмгек министрлиги «БУУ-Аялдар» түзүмү менен биргеликте координациялайт.