> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ош шаарында Салижан Жигитов атындагы орто мектеп ачылды
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/06/osh-shaarynda-salizhan-zhigitov-atyndagy-orto-mektep-achyldy/
- Published: 2026-11-06T08:21:20.000Z
- Updated: 2026-11-06T08:21:19.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Бүгүн Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Адылбек Касымалиев Ош шаарына болгон жумуш сапарынын алкагында Ош шаарындагы Салижан Жигитов атындагы орто мектептин ачылыш аземине катышты. Анын жүрүшүндө МинКаб Төрагасы мектептин ачылышы менен шаар тургундарын Президент Садыр Жапаровдун жана жеке өзүнүн атынан куттуктады.**

Белгилей кетсек, **быйыл 10-апрелде** Президент шаардагы 10 орто мектептин курулушун баштап берген жана ал мектеп бүгүн ишке берилип жатат. Мектеп **1200 окуучуга ылайыкталган**. Курулушуна Турукташтыруу фондунан дээрлик **1 млрд сомго** жакын каражат сарпталган. Эки сменде иштегенде **2500 окуучу окуй алат**. Окуу аудиториялары, китепканасы, ашканасы, футбол, волейбол, баскетбол аянттары бар.

> “Мунун өзү билимге, балдарыбыздын келечегине болгон камкордук биз үчүн приоритеттүү багыт экенин далилдеп турат” — деди, өз сөзүндө Адылбек Касымалиев.

МинКаб Төрагасы билим берүүнүн материалдык-техникалык базасы менен бирге мугалимдердин эмгек акысы да көбөйтүлүп жатканын белгиледи. 2025-жылы эмгек акыга **58 млрд сом** каралса, 2026-жылдын 9 айында кошумча **41 млрд сом** бөлүндү. Мугалимдердин орточо эмгек акысы **25 миң сомдон 50 миң сомго чейин жогорулады.**

> Жыйынтыгында Адылбек Касымалиев мугалимдерге жана окуучуларга ийгилик каалап, **СТЕМ системасына өтүүнү** камсыз кылууну, Ош шаарын Кыргызстанда гана эмес, бүткүл Борбордук Азияда алдыңкы билим берүү борбору катары таанытууну тапшырды.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/6aed7cfd45583.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/6aed7d1502151.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/6aed7d07caf2e.jpeg)