> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Сокулукта транспорт каражаттарын каттоо боюнча жаңы бөлүм ачылды
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/06/sokulukta-transport-karazhattaryn-kattoo-boiuncha-zhany-bolum-achyldy/
- Published: 2026-11-06T10:10:51.000Z
- Updated: 2026-11-06T10:10:51.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Ак-Жол айылында транспорт каражаттарын каттоо боюнча жаңы "Түндүк" бөлүмү иштей баштады. Бул туурасында Президенттин иш башкармалыгынан кабарлашты.** 

Бөлүм КРнын Президентинин Иш башкармалыгына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордун курамына кирет.

> Маалым болгондой, алгачкы этапта транспорт каражатын биринчи жолу каттоо жана кайра каттоо боюнча арыздар "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу гана кабыл алынат. Жарандар арызды телефон аркылуу бере алышат. 

Арызды адис тастыктагандан кийин бөлүмгө даяр техпаспорт менен мамлекеттик номерлерди алуу үчүн гана келишет. Даяр документтерди алуу үчүн паспортту алып келүү керек. 

**Мамлекеттик номерлер алмаштырылган учурда мурдагы техпаспорт менен номерлерди да алып келүү зарыл.*

Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев жаңы тартип жарандардын убактысын үнөмдөп, кезек күтүүнү азайтарын белгиледи. 

> Анын айтымында, каттоо кызматын толугу менен онлайн жүргүзүү боюнча иш жүрүп жатат. 

Кийинки кадам катары даяр техпаспорт менен мамлекеттик номерлерди жарандардын үйүнө жеткирүү каралууда. 

**Жаңы бөлүм дүйшөмбүдөн жумага чейин саат 08:30дан 17:30га чейин иштейт.* **Бөлүмдүн дареги — Чүй облусу, Сокулук району, Ак-Жол айылы, Разное көчөсү, 10*