> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жайылда таштанды үчүн компанияга 17 миң сом айып салынды
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/06/zhaiylda-tashtandy-uchun-kompaniiaga-17-min-som-aiyp-salyndy/
- Published: 2026-11-06T11:44:43.000Z
- Updated: 2026-11-06T11:44:43.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Чүй облусунун Жайыл районунда таштандыларды белгиленбеген жерге таштаган компанияга 17 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.** 

> Жаратылыш министрлиги билдиргендей, интернет булактарында бул боюнча маалымат жарыяланган. 

Текшерүү өндүрүш аймагынын айланасында жүргүзүлүп, анда турмуш-тиричилик калдыктарынын атайын белгиленбеген жерге ташталгандыгы аныкталды.

**Аталган мыйзам бузуу боюнча тиешелүү чаралар көрүлүп, компанияга Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык* ***17 000 миң сом** **өлчөмүндө айып пул салынды.*

Мындан тышкары, компаниянын өкүлдөрүнө мыйзам талаптары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

***Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [***Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)***,** [***Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)***,** [***Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)***,** [***Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [***Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**