> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте май өндүрүү тармагындагы маселелер талкууланды
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/07/bishkekte-mai-onduruu-tarmagyndagy-maseleler-talkuulandy/
- Published: 2026-11-07T03:41:17.000Z
- Updated: 2026-11-07T03:41:16.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**6-ноябрда Айыл чарба министрлигинде өлкөдөгү май өндүрүү тармагындагы маселелер боюнча жумушчу жолугушу өттү. Ага КРнын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Рысгүл Акимжанова, ата мекендик май өндүрүүчүлөр катышты.** 

> Мекеменин маалыматына ылайык, жолугушууда өлкөдөгү май өндүрүү тармагынын учурдагы абалы, өндүрүүчүлөрдүн көйгөйлөрү жана тармакты өнүктүрүү боюнча сунуштар талкууланды.

Анда өндүрүштү кеңейтүү, чийки зат менен камсыздоо, продукциянын сапатын жогорулатуу жана ата мекендик продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттыруу маселелерине көңүл бурулду.

**Май өндүрүүчүлөр тармактагы көйгөйлөрдү, өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрдү жана аларды чечүү боюнча сунуштарын билдиришти.*

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/892255206_1598281024867402_5911909702015617142_n.jpg)

Өз кезегинде министрдин орун басары ата мекендик өндүрүштү колдоо, айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнү өнүктүрүү жана жергиликтүү өндүрүүчүлөр менен кызматташууну күчөтүү министрликтин артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында көтөрүлгөн маселелерди тиешелүү багыттар боюнча кароо жана май өндүрүүчүлөр менен кызматташууну улантуу боюнча макулдашылды.

***Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [***Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)***,** [***Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)***,** [***Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)***,** [***Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [***Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**