> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Нарында мыйзамсыз курулуш үчүн 200 миң сом айып салынды
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/07/narynda-myizamsyz-kurulush-uchun-200-min-som-aiyp-salyndy/
- Published: 2026-11-07T03:21:13.000Z
- Updated: 2026-11-07T03:21:54.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Нарын облусунун Жумгал районунун аймагында мыйзамсыз бетон заводунун курулушу аныкталды. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен маалымдашты.** 

> Билдирүүгө караганда, аталган объектинин архитектуралык-долбоорлоо, уруксат берүүчү жана долбоордук-сметалык документтери жок экендиги аныкталган. 

**Бул өз кезегинде Кыргыз Республикасынын "Шаар куруу жана архитектура" жөнүндө мыйзамынын талаптарын одоно бузуу болуп саналат.*

Ошондой эле бетон завод мамлекеттик бирдиктүү курулуш реестрине катталбастан иш алып жүргүзүп келген.  
  
Жыйынтыгында "Ж энд Б Универсал Сервис" ЖЧКсына карата протокол түзүлүп, **200 000 сом** айып пул салынды. Мындан тышкары аталган мыйзам бузууларды жоюу боюнча милдеттүү көрсөтмөлөр берилди.

***Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [***Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)***,** [***Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)***,** [***Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)***,** [***Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [***Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**