> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкектеги паркка 85 түп эмен көчөтү отургузулду
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/08/bishkektegi-parkka-85-tup-emen-kochotu-oturguzuldu/
- Published: 2026-11-08T03:46:22.000Z
- Updated: 2026-11-08T03:47:01.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**7-ноябрда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Кыргызстан менен Түштүк Корея достук паркынын көрктөндүрүү иштеринин жүрүшү менен таанышты.**

> Мэриядан маалымдагандай, күзгү жашылдандыруу өнөктүгүнүн алкагында аталган аймакка **85 түп** эмен көчөтү отургузулду.

**Эске салсак, буга чейин бул жерде "Будда бар" жайгашкан. Кийинчерээк ал демонтаждалып, жаңы ээлери аймакты жашыл зона түзүү үчүн шаарга өткөрүп беришкен.* 

Шаар башчысы аталган аймакты талаптагыдай абалга келтирип, жашылдандыруу иштерин жүргүзүү тапшырмасын берген.

> "Эң негизгиси — сугарууну камсыз кылгыла. Бир дагы дарак суусуз калбашы керек. Аймакты толугу менен тазалап, иретке келтирип, газонду да калыбына келтирүү зарыл", — деди Жунушалиев.

Белгилей кетсек, кечээ Бишкек шаарынын аймагында күзгү жашылдандыруу өнөктүгүнүн алкагында жалпы **600 түп** бак-дарактын көчөтү отургузулду.

***Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [***Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)***,** [***Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)***,** [***Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)***,** [***Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [***Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**