> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ош шаарында жаңы Юстиция үйү ачылды
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/08/osh-shaarynda-zhany-iustitsiia-uiu-achyldy/
- Published: 2026-11-08T05:03:00.000Z
- Updated: 2026-11-08T05:26:03.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**7-ноябрда Ош шаарында жаңы Юстиция үйүнүн салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу Юстиция министрлигинен билдирди.** 

> Маалым болгондой, долбоор министрликтин демилгеси менен мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизми аркылуу ишке ашырылды. 

Анын алкагында 2024-жылдын 19-мартында Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин катышуусунда Юстиция министрлиги менен "Капитал Строй Инвест" ЖЧКсынын ортосунда тиешелүү келишим түзүлгөн.

**Жалпы аянты* ***5 349 чарчы метрди** *түзгөн беш кабаттуу имараттын* ***2 444 чарчы метри** *Юстиция министрлигине бөлүнүп берилген. Курулуш иштери 2026-жылдын сентябрында аяктап, учурда жарандарды тейлөө иштери жүргүзүлүүдө.*

Буга чейинки Ош облустук юстиция башкармалыгы 1971-жылы курулган, кийин авариялык абалда деп табылган имаратта жайгашып келген.

Юстиция үйүндө Ош облустук юстиция башкармалыгы, Пробация департаментинин тиешелүү түзүмдөрү, мамлекеттик жана социалдык нотариустар, Юридикалык жардам кызматы, Түштүк нотариалдык архиви жана юридикалык жактардын архиви жайгаштырылды.

***Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [***Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)***,** [***Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)***,** [***Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)***,** [***Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [***Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**