> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Самарканд марафонуна 70тен ашык өлкөнүн өкүлдөрү катышууда
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/08/samarkand-marafonuna-70ten-ashyk-olkonun-okuldoru-katyshuuda/
- Published: 2026-11-08T10:12:29.000Z
- Updated: 2026-11-08T10:13:11.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Бүгүн Өзбекстандын Самарканд шаарында эл аралык Samarkand Marathon 2026 чуркоо жарышы өтүп жатат.**  
  
Катышуучулар өздөрүнүн даярдыгына жана мүмкүнчүлүгүнө жараша **2, 5, 10, 21,1 жана 42,2 чакырым** аралыкка чуркашууда. Эл аралык спорттук иш-чарага дүйнөнүн **70ке жакын** өлкөдөн келген спортчулар жана ышкыбоз жөө күлүктөр катышууда.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/e368ca0f-366c-420c-b65c-2103a8cd93a4-1.jpg)

> Марафонго Кыргызстандан **"Ишкер Медиа" маалымат каражатынын** өкүлдөрү да катышып, иш-чараны жеринен чагылдырууда.

**Белгилей кетсек, Samarkand Marathon Түрк элдеринин узак аралыкка чуркоо альянсынын (TAN — Turkic Alliance of Long Runs) эл аралык жарыштар сериясына кирет. Ошондой эле марафон Эл аралык марафондор жана чуркоолор ассоциациясынын (AIMS) толук кандуу мүчөсү болуп саналат.*

Быйыл марафон World Athletics эл аралык жеңил атлетика федерациясынын Elite Label макамына ээ болду. Бул анын эл аралык деңгээлдеги аброюн жана уюштуруучулук стандарттарын тастыктаган маанилүү жетишкендик.

**Samarkand Marathon 2019-жылдан бери өткөрүлүп келет. Жарыштын негизги максаттары — сергек жашоо образын жайылтуу, спорттук туризмди өнүктүрүү жана кайрымдуулук демилгелерин колдоо.*

Марафондун старт жана финиш чекити тарыхый Регистан аянтында жайгашкан.