> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ысык-Көлдө 1000ден ашык жаранга акысыз медициналык консультациялар берилди
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/08/ysyk-koldo-1000den-ashyk-zharanga-akysyz-meditsinalyk-konsultatsiialar-berildi/
- Published: 2026-11-08T11:24:00.000Z
- Updated: 2026-11-08T11:23:59.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

### Ысык-Көл облусунун тургундары үчүн уюштурулган акысыз медициналык консультациялар жыйынтыкталды. 

Акысыз медициналык кабыл алууну Улуттук онкология жана гематология борборунун тажрыйбалуу дарыгерлери жүргүзүштү. 

> Белгиленгендей, жарандар маммолог-онколог, гинеколог-онколог, жалпы онколог, балдар онкологу жана УЗИ адистеринен консультацияларды алышты.

**Медициналык консультациялар* **2–3-ноябрда** **Тоң райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунда,* ***4-ноябрда** **Жети-Өгүз райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунда жана* ***5–6-ноябрда** **Каракол шаарындагы Облустук үй-бүлөлүк медицина борборунда өткөрүлдү.*

Иш-чаранын алкагында үч аймак боюнча жалпы **1 034 жаран** дарыгерлердин кабыл алуусунан өтүп, тиешелүү медициналык консультацияларды жана сунуштарды алышты.

**Аталган иш-чара Жогорку Кеңештин депутаты Болот Сагынаевдин колдоосу жана "Кереметке ишенем" коомдук фондунун демилгеси менен уюштурулган.* 

***Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [***Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)***,** [***Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)***,** [***Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)***,** [***Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [***Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**