> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бир жумада сасык тумоо жана КРВИнин 10,9 миң учуру катталды
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/09/bir-zhumada-sasyk-tumoo-zhana-krvinin-10-9-min-uchuru-kattaldy/
- Published: 2026-11-09T12:06:03.000Z
- Updated: 2026-11-09T12:06:03.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Кыргызстанда 2026-жылдын 2–8-ноябрында курч респиратордук вирустук инфекциялардын (КРВИ) жана сасык тумоонун 10 миң 900 учуру катталды. Бул өткөн жумага салыштырмалуу 4,4%га көп.**

> Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин маалыматына ылайык, **45-жумадагы** оорулардын интенсивдүү **көрсөткүчү 148,4тү түздү.** 44-жумада бул көрсөткүч 142,1 болгон.

Ошондой эле катталган учурлардын саны 2025-жылдын ушул мезгилине **салыштырмалуу 1,6 эсеге өскөн.**

Ооругандардын басымдуу бөлүгүн балдар түзөт. Тактап айтканда, **14 жашка чейинки** балдар арасында **7 миң 752 учур** катталып, бул жалпы ооругандардын **71,1%ын түздү.**

**Бишкек, Ош жана Токмок** шаарларында тандалма эпидемиологиялык көзөмөл уланууда. Лабораториялык мониторингдин маалыматына ылайык, 2026-жылдын 40–45-жумаларында алынган 464 үлгүнүн 9,7%ы (55 үлгү) оң жыйынтык көрсөткөн.