> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Дүйнө чемпиондугу: Кыргыздын самбо боюнча курамасы 7 медаль жеңди
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/09/duino-chempiondugu-kyrgyzdyn-sambo-boiuncha-kuramasy-7-medal-zhendi/
- Published: 2026-11-09T04:03:05.000Z
- Updated: 2026-11-09T04:03:04.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Кыргыз Республикасынын самбо боюнча курама командасы Дүйнө чемпиондугунда бир алтын, бир күмүш жана беш коло медаль жеңип алды.** 

> Дене тарбия жана спорт департаменти билдиргендей, мелдештер 6–8-ноябрь күндөрү Өзбекстандын Ташкент шаарында өткөн.

**Дүйнө чемпионатына* ***101 өлкөдөн** *келген* ***500 ашык** *спортсмен катышты.* 

Адтын медалды көзү азиз спортчулар арасындагы самбо боюнча (SVI-1) 50 кг чейинки салмакта Надежда Рак жеңип алды. 

Күмүш медалга күжүрмөн самбо боюнча 54 кг чейинки салмакта Акак Үсөн кызы ээ болду.

**Коло медалдарды төмөнкү спортчулар жеңип алышты:**

- Феликс Уланбеков - спорттук самбо, 79 кг чейин;
- Кимал Оболбеков - спорттук самбо, 58 кг чейин;
- Сүймөнкул Молдобеков - спорттук самбо (SVI-1), 64 кг чейин;
- Даниель Асеков - күжүрмөн самбо, 58 кг чейин;
- Мераида Медетбек кызы - күжүрмөн самбо, 65 кг чейин.

***Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [***Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)***,** [***Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)***,** [***Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)***,** [***Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [***Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**