> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Калктын жугуштуу ооруларга каршы иммунитети изилденүүдө
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/09/kalktyn-zhugushtuu-oorularga-karshy-immuniteti-izildenuudo/
- Published: 2026-11-09T10:08:54.000Z
- Updated: 2026-11-09T10:08:53.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Кыргызстанда 2026–2028-жылдарга карата калктын жугуштуу ооруларга каршы иммунитетинин деңгээлин баалоо боюнча жаңы изилдөө этабы башталды. Изилдөө Пастер атындагы Эпидемиология жана микробиология илим-изилдөө институту (Роспотребнадзор) менен биргеликте жүргүзүлүүдө.**

> [Саламаттыкты сактоо министрлигинин](https://vezca.pasteurorg.ru/all%5Fantitela.php?reg%5Fid=102) маалыматына караганда, изилдөөнүн алкагында -кызамык, көк жөтөл, дифтерия, селейме жана суу чечек ооруларына каршы иммунитеттин деңгээли, ошондой эле айрым зооноздук инфекциялардын таралышы изилденип жатат.

Ушуга байланыштуу, кыргызстандыктарды министрлик изилдөөгө катышууга чакырууда. Анын натыйжасында, өлкөдөгү жамааттык иммунитеттин абалын аныктоого жана жугуштуу ооруларды алдын алуу чараларын жакшыртууга салым кошулмакчы.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**