> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан менен Сейшел аралдарынын ортосунда визасыз режим киргизилет
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/09/kyrgyzstan-menen-seishel-araldarynyn-ortosunda-vizasyz-rezhim-kirgizilet/
- Published: 2026-11-09T09:00:09.000Z
- Updated: 2026-11-09T09:00:09.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Кыргызстандын жана Сейшел аралдарынын жарандары эки өлкөнүн аймагында 30 күнгө чейин визасыз жүрө алышат. Бул тууралуу тиешелүү макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду.**

> Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, мыйзамды Жогорку Кеңеш 2026-жылдын 15-октябрында кабыл алган. Бишкек шаарында 2026-жылдын 11-майында кол коюлган макулдашууга ылайык, эки өлкөнүн жарандары экинчи мамлекеттин аймагына кирүүдө, чыгууда жана убактылуу жүрүүдө 30 күндөн ашпаган мөөнөткө визалык талаптардан бошотулат.

Мында жарандардын 1 календардык жыл ичинде мамлекеттердин аймагында жүрүүсүнүн жалпы узактыгы 90 күндөн ашпоого тийиш.

Мыйзам макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду аткарууга багытталган. Документ расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**