> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Министр болочок жол куруучулардын окуу процесси менен таанышты
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/09/ministr-bolochok-zhol-kuruuchulardyn-okuu-protsessi-menen-taanyshty/
- Published: 2026-11-09T09:43:00.000Z
- Updated: 2026-11-09T09:42:59.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев Кусейин Көлбаев атындагы окуу жайга барып, жол куруу тармагы үчүн адистерди даярдоо багытында жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышып кайтты. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.**

> Маалыматка караганда, иш сапардын жүрүшүндө министр окуу жайдын материалдык-техникалык базасын, окуу процессин, студенттердин теориялык билим алуусу жана практикалык көндүмдөрүн калыптандыруу шарттарын көрүп чыкты.

Жол куруу тармагында квалификациялуу инженерлерди, техникалык адистерди жана жумушчу кадрларды даярдоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Ошондой эле заманбап жол куруу технологияларын өздөштүргөн, кесиптик даярдыгы жогору адистерди даярдоонун маанилүүлүгү белгиленди.

Министр жол тармагын өнүктүрүүдө сапаттуу инфраструктура менен катар, кесипкөй кадрлардын болушу да маанилүү экенин белгилеп, окуу жай менен тармактык мекемелердин кызматташтыгын чыңдоо зарылдыгына токтолду.