> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ошто мыйзамсыз аңчылык кылган жаран 10 миң сом айыпка жыгылды
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/09/oshto-myizamsyz-anchylyk-kylgan-zharan-10-min-som-aiypka-zhygyldy/
- Published: 2026-11-09T07:29:22.000Z
- Updated: 2026-11-09T07:29:22.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Ош облусунун** **Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылында** р**ейд учурунда мыйзамсыз аңчылык кылган адамга 10 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Жаратылыш министрлигинен билдирди.** 

> Маалыматка ылайык, рейддин жүрүшүндө мыйзамсыз пневматикалык куралды колдонуу менен жапайы канаттууларга аңчылык кылган жаран аныкталды. 

Анын аракеттеринде аңчылык эрежелерин жана белгиленген талаптарды бузуу фактысы катталган.

**Аталган факты боюнча Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жаранга* ***10 000 сом өлчөмүндө** *административдик айып пул салынды.* 

Ошондой эле мыйзамсыз атылган **4 даана канаттуу** үчүн жаратылышка келтирилген зыяндын ордун толтуруу максатында 6 000 сом өлчөмүндө доо коюлду.

Мындан тышкары, жергиликтүү тургундар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.