> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Соң-Көлдөн 500 метр синтетикалык тор чыгарылды
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/09/son-koldon-500-metr-sintetikalyk-tor-chygaryldy/
- Published: 2026-11-09T08:14:00.000Z
- Updated: 2026-11-09T08:13:59.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**К.Базарбаев атындагы Каратал-Жапырык мамлекеттик жаратылыш коругунун кызматкерлери Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Нарын регионалдык башкармалыгынын инспекторлору менен биргеликте Жумгал районунда, Соң-Көл корук аймагына чектеш жерлерде рейддик иш-чара өткөрүштү.**

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин маалыматына караганда, рейддин жүрүшүндө суу объектилеринен мыйзамсыз салынган **500 метр** эски синтетикалык тор чыгарылып алынды.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/WhatsApp-Image-2026-11-09-at-13.14.00-1-1.jpeg)

Аталган иш-чара суу биоресурстарын коргоо жана көлдөрдүн экологиялык абалын сактоо максатында жүргүзүлүүдө. Табигый экосистемаларды сактоо, балык ресурстарынын азайышына жол бербөө жана мыйзамсыз балык уулоонун алдын алуу багытындагы рейддик иш-чаралар мындан ары да улана бермекчи.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**