> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда 28 бала угуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/10/28-bala-uguu-mumkunchuluguno-ee-boldu-katardyn-darygerleri-kyrgyzstanda-kairymduuluk-operatsiialaryn-zhurguzushtu/
- Published: 2026-11-10T08:28:19.000Z
- Updated: 2026-11-10T08:51:51.000Z
- Author: Рыспек кызы Айжанар
- Tags: Коом

**5-ноябрдан 9-ноябрга чейин Улуттук Эне жана баланы коргоо борборунун Оториноларингология бөлүмүндө Катар мамлекетинен келген дарыгерлер тобу тарабынан угуусу начар балдарга кохлеардык имплантация боюнча кайрымдуулук операциялары жүргүзүлдү.**

> Саламаттык сактоо министрлигинен маалымдашкандай, 5-ноябрда адистер операцияга талапкер болгон 35 баланы медициналык кароодон өткөрүштү. 

Балдардын ден соолугунун абалы жана тиешелүү диагностикалык изилдөөлөрдүн жыйынтыктары эске алынып, алардын ичинен **28 балага** операция жасоого уруксат берилди. 

Калган балдардан КРВИ, отит жана алдын ала дарылоону талап кылган башка убактылуу медициналык каршы көрсөтмөлөр аныкталды.

**Жүргүзүлгөн операциялардын жыйынтыгында* ***28 балага кохлеардык имплант** *ийгиликтүү орнотулду. Мындан тышкары,* ***эки балага** *ата-энелеринин өз каражаттарынын эсебинен дагы бирден кошумча имплант орнотулду. Ошентип, кайрымдуулук миссиясынын алкагында жалпы* ***30 кохлеардык имплантация** **жасалды.*

Операциядан кийин балдар медициналык көзөмөлдө болушту. 

***Кохлеардык имплантация** **\- угуусу катуу бузулган балдарга үндөрдү кабыл алууга мүмкүнчүлүк берген жогорку технологиялуу медициналык жардамдын түрү. Бул ыкма балдардын сүйлөө жөндөмүн өнүктүрүүгө, билим алуусуна жана коомго толук кандуу аралашуусуна өбөлгө түзөт.*

Эскерте кетсек, 2021-жылдан 2026-жылга чейин Кыргызстанда угуусу начар балдарга жалпы 286 кохлеардык имплант орнотулган.