> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Анталияда климатка арналган эл аралык конференция өтүүдө
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/10/antaliiada-klimattyn-ozgorushu-boiuncha-konferentsiia-otuudo/
- Published: 2026-11-10T08:54:52.000Z
- Updated: 2026-11-10T08:54:51.000Z
- Author: Рыспек кызы Айжанар
- Tags: Коом

**Түркиянын Анталия шаарында БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын Тараптарынын 31-конференциясы (COP31) башталды.**

Эл аралык жыйынга **190дон ашык** өлкөнүн өкүлдөрү, мамлекет жана өкмөт башчылары, министрлер, эл аралык уюмдардын жетекчилери, каржы институттарынын, бизнес, илимий жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышууда.

Конференциянын алкагында КРнын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев жогорку деңгээлдеги расмий пленардык жыйынга катышты.

> Белгилүү болгондой, COP31де Париж келишимин ишке ашыруу, парник газдарынын бөлүнүп чыгышын кыскартуу, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу, климаттык каржылоону тартуу жана кайра жаралуучу энергияны өнүктүрүү маселелери талкууланууда.

Бийик тоолуу өлкө катары Кыргызстан үчүн климаттык күн тартиби өзгөчө мааниге ээ. 

Мөңгүлөрдүн эриши, тоо экосистемаларынын өзгөрүшү жана табигый кырсыктардын көбөйүшү климаттык туруктуулукту чыңдоо боюнча биргелешкен аракеттерди талап кылат.

> "Кыргыз Республикасы мөңгүлөрдү жана тоо экосистемаларын сактоо, ошондой эле климаттык тобокелдиктерге дуушар болгон өлкөлөрдүн климаттык каржылоого жана заманбап технологияларга жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү багытында эл аралык кызматташтыкты бекемдөөнү колдойт", - деп айтылат Жаратылыш министрлигинин маалыматында. 

***Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [***Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)***,** [***Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)***,** [***Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)***,** [***Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [***Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**