> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Баткендеги айылында мектептин курулушу 70 пайызга аяктады
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/10/batkendegi-aiylynda-mekteptin-kurulushu-70-paiyzga-aiaktady/
- Published: 2026-11-10T07:28:00.000Z
- Updated: 2026-11-10T07:28:00.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Баткен облусунун Баткен районундагы Жаңы-Достук айылында 225 орундуу жаңы мектептин курулушу 70 пайызга аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдирди.** 

> Билдирүүгө караганда, мектептин курулушу 2025-жылдын декабрь айында республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып башталган. 

Объекттин жалпы наркы **197 миллион сомду** түзөт.

**Долбоорго ылайык, мектеп төрт блоктон турган эки кабаттуу имарат. Анда окуучулардын сапаттуу билим алуусу үчүн бардык заманбап шарттар каралган. Атап айтканда, лаборатория, китепкана, ашкана, компьютердик класс, дарыгердин бөлмөсү, жыйындар залы жана спорт залы каралган.*

Мектептин жалпы аянты **3081 чарчы метрди** түзөт. Азыркы учурда мектептин ички жасалгалоо жумуштары аткарылууда. 

Курулуш-монтаждоо иштери Курулуш министрлигине караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан көзөмөлгө алынып, аткарылып жаткан иштердин сапаты туруктуу негизде текшерилүүдө.

***Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [***Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)***,** [***Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)***,** [***Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)***,** [***Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [***Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**