> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте 10 айда 23 миңден ашык дарак отургузулду
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/10/bishkekte-10-aida-23-minden-ashyk-bak-darak-oturguzuldu/
- Published: 2026-11-10T09:01:27.000Z
- Updated: 2026-11-10T09:06:11.000Z
- Author: Рыспек кызы Айжанар
- Tags: Коом

**9-ноябрда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин төрагалыгы алдында шаардык муниципалитеттин жыйындар залында пландык кеңешме өттү.** 

Анда "Бишкек жашыл курулуш" муниципалдык ишканасынын 2026-жылдын **10 айындагы** ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары жана күзгү жашылдандыруу иштеринин жүрүшү каралды.

> Мэриянын маалыматына караганда, **10 айда** борбор калаада **23 232 даана бак-дарактын көчөтү** жана **2 138 252 даана** бир жылдык гүл отургузулган. Ошондой эле **110 миң бак-даракты** дарылоо иштери жүргүзүлгөн. 

Мындан тышкары, куураган жана авариялык абалдагы бак-дарактарды алуу, дүмүрлөрдү казып чыгаруу, көчөлөрдү жана проспекттерди жашылдандыруу иштери аткарылган.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/899712265_1632470178928830_3194637139639905146_n.jpg)

**Кеңешменин жүрүшүндө мэр Айбек Жунушалиев борбор калааны жашылдандыруу боюнча ыкмаларды кайра карап чыгып, шаар аймактарынын көркүн бир нече мезгил бою сактоого мүмкүндүк берген көп жылдык гүл өсүмдүктөрүн кеңири пайдаланууну тапшырды.*

Ошондой эле Бишкектин климаттык шарттарына ылайыктуу бак-дарактардын жана гүлдөрдүн түрлөрүн тандоо тапшырылды. 

> Белгиленгендей, башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын изилдеп, бир көчөгө негизинен бир түрдөгү бак-дарактарды отургузуу аркылуу бирдиктүү архитектуралык жана эстетикалык көрүнүштү калыптандыруу сунушталды.

Мындан тышкары, мэр шаарды жашылдандырууга бизнес өкүлдөрүн тартуу боюнча сунуштарды даярдоону тапшырды. 

**Бул багытта ар бир ишкана борбор калаанын климаттык шарттарына ылайыктуу, бийик бойлуу жалбырактуу кеминде беш бак-дарак отургузуусун караган демилге сунушталууда.*

Мэр бак-дарактарды отургузууда аларды мындан ары багууга жана өз убагында сугарууга зарыл шарттардын болушун милдеттүү түрдө эске алууну тапшырды.

> "Быйыл биринчи жолу шаардык бюджеттен көчөттөрдү сатып алууга 500 миллион сомго жакын каражат бөлүнүүдө. Буга чейин борбор калааны жашылдандырууга мынчалык көлөмдө каражат жумшалган эмес. Бөлүнгөн каражатты натыйжалуу пайдаланып, отургузулган ар бир бак-дарактын сакталышын камсыз кылуу зарыл", — деди Жунушалиев.