> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте башкы жаңы жылдык балаты орнотулууда
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/10/bishkektegi-bashky-zhany-zhyldyk-balaty-ornotuluuda/
- Published: 2026-11-10T08:18:42.000Z
- Updated: 2026-11-10T08:19:08.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Коом

**9-ноябрда Бишкек шаарындагы Ала-Тоо аянтында өлкөнүн башкы жаңы жылдык балатысын орнотуу иштери башталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы маалымдады.**

Иштерге "Тазалык" жана "Бишкекжарык" муниципалдык ишканаларынын кызматкерлери тартылган.

> Маалыматка ылайык, башкы балатынын бийиктиги **32 метрди**, диаметри **13 метрди** түзөт. Анын металл каркасына **3 миң 800 даана** ийне жалбырактуу дарактын бутагы бекитилет.

Борбор калааны жаңы жылдык жасалгалоо иштери декабрь айынын ортосуна чейин уланат.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**