> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Чункурчакта коопсуздук талаптары текшерилүүдө
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/10/chunkurchakta-koopsuzduk-talaptary-teksheriluudo/
- Published: 2026-11-10T07:58:00.000Z
- Updated: 2026-11-10T07:57:59.000Z
- Author: Рыспек кызы Айжанар
- Tags: Коом

**Чүй облусунда жайгашкан "Чункурчак" тоо лыжа базасында рейддик иш-чара өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Жаратылыш министрлигинен кабарлашты.** 

Рейддин жүрүшүндө базадагы асма жолдордун техникалык абалы, эксплуатацияланып жаткан жабдуулардын коопсуздугу, алардын белгиленген талаптарга шайкештиги жана өнөр жай коопсуздугу боюнча ченемдердин сакталышы текшерилүүдө.

> Билдирүүгө караганда, рейдде мүмкүн болуучу авариялык кырдаалдардын алдын алуу, техникалык мүчүлүштүктөрдү өз убагында аныктоо жана туристтер менен эс алуучулар үчүн коопсуз шарттарды түзүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулууда.

Иш-чаранын негизги максаты — 2026–2027-жылдардагы кышкы туристтик сезонго карата тоо лыжа базасынын даярдыгын баалоо, ошондой эле эс алуучулардын коопсуздугун камсыздоо жана өнөр жай коопсуздугунун талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө.

**Рейд Жаратылыш министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан жүргүзүлүүдө.* 

***Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [***Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)***,** [***Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)***,** [***Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)***,** [***Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [***Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**