> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Корумду – Балбай баатыр жолунун курулушу 91%га аяктады
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/10/korumdu-balbai-baatyr-zholunun-kurulushu-91-ga-aiaktady/
- Published: 2026-11-10T12:32:00.000Z
- Updated: 2026-11-10T12:32:00.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Коом

**Ысык-Көл айланма унаа жолунун Корумду - Балбай баатыр тилкесиндеги курулуш иштеринин 91 пайызы аткарылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.**

> Маалыматка ылайык, узундугу **79,2 чакырым** болгон жолдун бардык бөлүгүнө эки катмар асфальт-бетон төшөлүп, борбордук металл тосмолор орнотулду. Ошондой эле **14 көпүрөнүн** жана **2 жер алдындагы жөө жүргүнчүлөр өтмөгүнүн** курулушу толугу менен аяктады.

Мындан тышкары, негизги жолдогу **235 суу өткөрүүчү түтүк** орнотулду. Жолдун кошумча тилкелерине, аялдамаларга, тротуарларга жана велосипед жолдоруна каралган **654 түтүктүн 486сы** орнотулган.

Учурда узундугу ****68,82 чакырым** болгон велосипед жолуна жана ****21,85 чакырым** тротуарга асфальт төшөлдү. Велосипед жолунун жер жумуштарынын ****98 %ы**, ал эми бордюрларды орнотуу иштеринин ****90 %ы** аткарылды.

Азыркы тапта тротуарларды жана велосипед жолдорун куруу, суу өткөрүүчү түтүктөрдү орнотуу, жол чийиндерин түшүрүү жана белгилерди коюу иштери уланууда.

Белгилей кетсек, Корумду - Балбай баатыр тилкеси ****17 калктуу конуш** аркылуу өтөт. Долбоордо жолду 4 тилкеге чейин кеңейтүү, көпүрөлөрдү жана жер алдындагы өтмөктөрдү куруу, ошондой эле жалпы ****877 суу өткөрүүчү түтүк** орнотуу каралган.