> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда агро камсыздандыруу программасы ишке киргизилди
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/10/kyrgyzstanda-agrokamsyzdandyruu-programmasy-ishke-kirgizildi/
- Published: 2026-11-10T04:31:00.000Z
- Updated: 2026-11-10T06:14:32.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Мамлекеттик камсыздандыруу уюму Кыргызстанда агро камсыздандыруу программасын ишке киргизди. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдирди.** 

> Пилоттук долбоордун алкагында агрокамсыздандыруу өлкөнүн **3 облусунда** жүргүзүлөт:

- Чүй облусу.
- Ысык-Көл облусу
- Ош облусу

**Программанын алкагында күздүк буудайдын эгин аянттарын жана түшүмүн камсыздандыруу каралган.*

Долбоор дыйкандарды колдоого жана алардын айыл чарба ишмердүүлүгүн ар кандай тобокелдиктерден коргоого багытталган.

Кененирээк маалымат алуу үчүн: +996 553 733 077 (WhatsApp)

****Агрокамсыздандыруу** (айыл чарбасын камсыздандыруу) —бул дыйкандардын, фермерлердин жана агро-ишкерлердин жаратылыш кырсыктарынан, аба ырайынын жагымсыз шарттарынан же башка күтүлбөгөн окуялардан улам тарткан зыяндарын калыбына келтирүүчү ****атайын финансылык коргоо системасы.** 

Анын **негизги максаты** — күтүлбөгөн кырсыктар учурунда айыл чарба кызматкерлерин банкрот болуудан сактап калуу жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо.

***Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [***Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)***,** [***Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)***,** [***Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)***,** [***Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [***Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**