> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Нарында 1 346 гектар эсепке алынбаган айыл чарба жерлери аныкталды
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/10/narynda-1-346-gektar-esepke-alynbagan-aiyl-charba-zherleri-anyktaldy/
- Published: 2026-11-10T05:04:00.000Z
- Updated: 2026-11-10T05:03:59.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Нарын районунда жалпы 1 346 гектар эсепке алынбаган айыл чарба багытындагы жерлер аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан маалымдашты.** 

Анын 18,29 гектары чабынды жерлер, 864,15 гектары кайрак жерлер, 483,85 гектары сугат жерлер жана 14 гектары калктуу конуштардын жерлери болгон. 

> Билдирүүгө караганда, аталган тилкелер УКМК тарабынан тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында түзүлгөн мекемелер аралык комиссия тарабынан жүргүзүлгөн инвентаризациянын жыйынтыгында аныкталган. 

Текшерүүнүн жүрүшүндө жогоруда көрсөтүлгөн жерлердин басымдуу бөлүгү **20 жылдан** ашык убакыттан бери жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен ижара келишими түзүлбөстөн, жарандар тарабынан акысыз пайдаланылып келгени белгилүү болгон. 

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/4a5b18f9-48da-4273-ac66-05539300e12e-1.jpeg)

**Жер тилкелерин мыйзамдуу жүгүртүүгө кайтаруу жергиликтүү бюджетке кошумча каражаттардын түшүшүн камсыз кылып, айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүүгө, жерди ак ниет пайдаланган жарандарды тартууга шарт түзүп, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга өз салымын кошот.*

***Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [***Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)***,** [***Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)***,** [***Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)***,** [***Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [***Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**