> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Орток токой чарбасында 100 гектар жерге көчөт отургузулат
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/10/ortok-tokoi-charbasynda-100-gektar-zherge-kochot-oturguzulat/
- Published: 2026-11-10T06:49:14.000Z
- Updated: 2026-11-10T06:49:14.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Коом

**Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Орток токой чарбасында токой аянттарын кеңейтүү жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Анын алкагында 2027-жылы токой чарбанын Ой-Тал аймагындагы 100 гектар жерге көчөт отургузуу пландалууда. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлиги билдирди.**

Учурда белгиленген аймакта көчөт отургузууга даярдык көрүлүп, жерди алдын ала иштетүү жана чуңкурчаларды казуу иштери жүрүп жатат. Алдын ала түзүлгөн графикке ылайык, бул иштер **10 күндүн ичинде** толук аяктайт.

> Маалыматка ылайык, Кыргызстанда жыл сайын **2 миң гектардан ашык** аянтта токой өстүрүү жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлөт. Анын алкагында **1 миллионго жакын** көчөт отургузулуп, **3 миң килограммга жакын** токой үрөнү себилет.

Бүгүнкү күндө өлкө боюнча токойлордун жалпы аянты ****1 миллион 273 миң гектарды** түзүп, Кыргызстандын аймагынын ****6,4 %ын** ээлейт.

Токой аянттарын кеңейтүү жана экосистемаларды калыбына келтирүү иштери экологиялык абалды жакшыртууга, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоого жана климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин азайтууга багытталган.