> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Президенттин пресс катчысы телефон чалып, акча сурап жатабы?
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/10/prezidenttin-press-katchysy-telefon-chalyp-akcha-surap-zhataby/
- Published: 2026-11-10T04:49:42.000Z
- Updated: 2026-11-10T04:49:41.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Президенттин пресс катчысы телефон чалып, акча сурап жатса, ишенбегиле! Бул алдамчылар. Мындай билдирүүнү Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы - Аскат Алагозов социалдык баракчасында жарыялады.**

Анын айтымында, пресс катчынын атын жамынгандар акимдерге, мэрлерге жана башка жетекчилерге телефон чалып жана WhatsApp аркылуу жазып, ар кандай маселелерди чечип берүүнү убада кылып, акча талап кылып жатышат.

> *“Эскерте кетейин: мен кадрдык дайындоолорго, кызматтык жана чарбалык маселелерге кийлигишпейм. “Тигини кызматка коём, муну башка жакка котором” деген сыяктуу убадаларды бербейм жана эч кимден акча сурабайм. Менин атымдан чалган мындай адамдарга ишенбеңиздер! Бул – алдамчылардын жана шылуундардын аракети”-* деп билдирди Алагозов.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/896786409_1152995190486019_4550280049888424428_n.jpg)

Басма сөз катчынын билдирүүсүнө караганда, бул маалымат азыр укук коргоо органдарына териштирүү үчүн берилди. Адатта тартип сакчылар алдамчылыктын мындай түрүн “вишинг” деп атап жүрүшөт.

****Вишинг -** телефон аркылуу жасалган алдамчылыктын бир түрү. Алдамчылар телефон чалып, өздөрүн банк кызматкери, милиция кызматкери, мамлекеттик органдын же коопсуздук кызматынын өкүлү катары тааныштырып, жарандарды ишендирүүгө аракет кылышат.

Буга чейин Президенттин, тигил же бул мамлекеттик мекеменин башчысынын, Улуттук банктын же комерциялык банктардын атын жамынып телефон чалуулар жана WhatsApp аркылуу жазуулар болгондугу көп жолу маалымдалган.

> Эске салсак, алдамчылардын негизги максаты — жарандардын жеке маалыматтарын, банктык эсептерине байланыштуу маалыматтарды жана акча каражаттарын мыйзамсыз ээлеп алуу болуп саналат.