> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Садыр Жапаров ЖККУнун жыйынына катышуу үчүн Москвага барат
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/10/sadyr-zhaparov-zhkkunun-zhyiynyna-katyshuu-uchun-moskvaga-barat/
- Published: 2026-11-10T06:34:00.000Z
- Updated: 2026-11-10T06:33:59.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Коом

**Өлкө башчысы Садыр Жапаров 10–11-ноябрда Орусияга иш сапары менен барып, Москва шаарында өтө турган Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынына катышат. Бул тууралуу президенттин администрациясы маалымдады.**

> Маалыматка караганда, жыйындын жүрүшүндө мамлекет башчылары эл аралык жана аймактык коопсуздуктун актуалдуу маселелерин, ЖККУнун өткөн мезгилдеги ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарын жана жамааттык коопсуздукту чыңдоо боюнча мындан аркы чараларды талкуулашат.

Ошондой эле терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү, биологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана уюмга мүчө мамлекеттердин өз ара аракеттенүү механизмдерин өркүндөтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулат.

Жыйындын жыйынтыгында ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин декларациясына жана Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимдин 35 жылдыгына, ошондой эле ЖККУнун 25 жылдыгына арналган иш-чаралар планына кол коюу пландалууда.