> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ысык-Көлдө мыйзамсыз балык уулап жүргөн 3 жаран кармалды
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/10/ysyk-koldo-myizamsyz-balyk-uulap-zhurgon-3-zharan-karmaldy/
- Published: 2026-11-10T05:48:00.000Z
- Updated: 2026-11-10T05:47:59.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Коом, Экономика

**Ысык-Көлдүн акваториясында жүргүзүлгөн түнкү рейд учурунда мыйзамсыз балык уулап жүргөн 3 жаран кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы маалымдады.**

> Билдирүүгө ылайык, окуя Түп районунун Кичи-Өрүктүү айылынын аймагында болгон. **3 жаран** синтетикалык торлорду жана үйлөтмө кайыкты колдонуп, мыйзамсыз балык уулап жаткан жеринен кармалган.

Алар Түп районунун 28 жаштагы тургуну Б.К. жана Ысык-Көл районунун 31 жаштагы А.Т. менен 30 жаштагы Т.Т. аттуу тургундары экени аныкталган.

Окуя болгон жерден жалпы **231 даана** балык табылган. Анын ичинен **225и** сига-лудога, **төртөө** Ысык-Көл форели, **бирөө** судак жана дагы **бирөө** лещ балыгы болгон.

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын эсептөөсүнө ылайык, жаратылышка келтирилген зыяндын жалпы суммасы ****472 миң 680 сомду** түзгөн.

Аталган факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 310-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары кармалган үч жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.