> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Антальяда Борбор Азиянын жаратылыш ресурстары министрлери жолугушту
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/11/antaliada-borbor-aziianyn-zharatylysh-resurstary-ministrleri-zholugushtu/
- Published: 2026-11-11T08:29:10.000Z
- Updated: 2026-11-11T08:29:09.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Коом

**Түркиянын Анталья шаарында өтүп жаткан COP31 конференциясынын алкагында Кыргызстандын улуттук павильонунда Борбор Азия өлкөлөрүнүн жаратылыш ресурстары министрлеринин катышуусунда жогорку деңгээлдеги жолугушуу өттү. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлигинен билдиришти.**

Иш-чарага аймактагы төрт өлкөнүн министрлери жана Түркмөнстандын расмий өкүлү катышты. Жолугушуунун негизги максаты климаттык милдеттенмелерди конкреттүү инвестициялык долбоорлорго айландыруу жана Кыргызстандын жаңыланган Улуттук деңгээлде аныкталган салымынын (ОНУВ 3.0) максаттарын ишке ашыруу болду.

Кыргызстандын жаратылыш ресурстары министри Акыл Токтобаев өлкөнүн климаттык саясатынын артыкчылыктарын жана эл аралык өнөктөштөр үчүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү тааныштырды.

> Анын маалыматына ылайык, ОНУВ 3.0 документи Кыргызстандын 2035-жылга чейинки климаттык багыттарын аныктайт. Ага ылайык, парник газдарынын бөлүнүп чыгышын 2030-жылга чейин **18 %га**, эл аралык колдоо болгон шартта **30 %га** чейин кыскартуу пландалууда. 2035-жылга карата бул көрсөткүчтү тиешелүүлүгүнө жараша **16 жана 39 %га чейин** азайтуу максаты коюлган.

Инвестиция тартуунун негизги багыттары катары таза энергетиканы өнүктүрүү, айыл чарбасынын климаттык туруктуулугун жогорулатуу, токойлорду жана жайыттарды калыбына келтирүү, эрте эскертүү системаларын өнүктүрүү жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо белгиленди.

Мындан тышкары, тоолуу аймактардын климаттык көйгөйлөрүнө көңүл бурулду. Министр 2023–2027-жылдардагы Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча аракеттердин беш жылдыгынын маанисин белгилеп, 2027-жылы Бишкекте өтө турган "Бишкек+25" экинчи глобалдык тоо саммитине токтолду.

Кыргызстан эл аралык каржы институттарын, өнүктүрүү банктарын жана жеке инвесторлорду биргелешкен климаттык долбоорлорду ишке ашырууга жана инвестициялык өнөктөштүктү бекемдөөгө чакырды.

Жолугушуу аймактык кызматташтыкты чыңдоо жана Кыргызстандын климаттык долбоорлорго инвестиция тартуу мүмкүнчүлүктөрүн эл аралык деңгээлде таанытуу үчүн маанилүү аянтча болду.