> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкек ЖЭБи туруктуу иш алып барууда
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/11/bishkek-zhebi-turuktuu-ish-alyp-baruuda/
- Published: 2026-11-11T07:57:25.000Z
- Updated: 2026-11-11T07:57:25.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Абанын температурасынын төмөндөшү күтүлүп жаткандыгына байланыштуу "Бишкек ЖЭБ" муниципалдык ишканасы штаттык режимде ишин улантып, Бишкек шаарынын тургундарын жылуулук жана электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылууда.**

> Мэриянын маалыматына ылайык, станциянын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу максатында негизги жана көмөкчү жабдуулардын абалына туруктуу көзөмөл жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле мүмкүн болгон авариялык кырдаалдарга ыкчам чара көрүү үчүн ишкананын авариялык бригадалары толук даярдыкта турат.

**Ишкананын бардык өндүрүштүк кызматтары штаттык режимде иштеп, абанын температурасы төмөндөгөн мезгилде станциянын туруктуу иштешин камсыз кылуу үчүн бардык зарыл чаралар көрүлүүдө.*

Жалпысынан Бишкек ЖЭБинде **15 казан** агрегаты, туурасынан байланышкан **7 турбоагрегат** жана №3, №4 эки энергоблок орнотулган. Алардын ичинен **8 казан** агрегаты жана **4 турбоагрегат** иштеп жатат.

***Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [***Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)***,** [***Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)***,** [***Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)***,** [***Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [***Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**