> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте 42 курулуш объектиси текшерилди
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/11/bishkekte-42-kurulush-obektisi-teksherildi/
- Published: 2026-11-11T04:01:00.000Z
- Updated: 2026-11-11T04:00:59.000Z
- Author: Рыспек кызы Айжанар
- Tags: Коом

**Бишкек шаарында 42 курулуш объектиси текшерилип, жаңы талаптар боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматынан маалымдашты.** 

> Курулуш министри Нурдан Орунтаевдин [буйругуна ](https://im.kg/koom/2026/11/04/olkodo-paidubaly-tuptolo-elek-uilordon-batir-satuuga-tyiuu-salyndy/)ылайык, "нөл цикли" аяктаганга чейин курулуп жаткан объектилердеги турак жана турак эмес жайларды сатууга жана жарнамалоого жол берилбейт.

Буга байланыштуу Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Бишкек шаардык башкармалыгы тарабынан II категориядагы **42 курулуш объектисинде** текшерүү жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

**Иш-чаралардын жүрүшүндө курулуш компанияларынын жана жеке ишкерлердин өкүлдөрүнө жаңы талаптардын мазмуну түшүндүрүлүп, белгиленген тартипти бузууга жол бербөө боюнча эскертүүлөр берилди.*

Курулуш министрлиги белгиленген талаптарды бузуу фактылары аныкталган учурда мыйзамдарга ылайык тиешелүү чаралар көрүлөрүн эскертет. 

***Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [***Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)***,** [***Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)***,** [***Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)***,** [***Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [***Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**