> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкектеги көчөдө тышкы жарыктандыруу системасы жаңыланууда
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/11/bishkektegi-kochodo-tyshky-zharyktandyruu-sistemasy-zhanylanuuda/
- Published: 2026-11-11T09:47:32.000Z
- Updated: 2026-11-11T09:47:32.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**"Бишкекжарык" муниципалдык ишканасы Гоголь көчөсүнүн Жумабек көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейинки бөлүгүндө тышкы жарыктандыруу системасын жаңылоо жана орнотуу боюнча пландуу иштерди жүргүзүүдө.**

> Билдирүүгө караганда, ишкананын кызматкерлери көчөнүн чыгыш тарабындагы монтаждоо иштерин толугу менен аякташты. 

Учурда адистер экинчи этапка өтүп, көчөнүн батыш тарабына жарык берүүчү мамыларды орнотуу жана заманбап чырактарды монтаждоо иштерин жүргүзүп жатышат.

> Мэриядан кабарлангандай, аталган иштер жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга, кечки убакта жөө адамдар үчүн көрүнүүнү жакшыртууга жана борбор калаанын тургундары менен конокторуна ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**