> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кара-Кечеде кар жаап, көмүр жүктөө убактылуу токтотулду
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/11/kara-kechede-kar-zhaap-komur-zhuktoo-ubaktyluu-toktotuldu/
- Published: 2026-11-11T04:17:00.000Z
- Updated: 2026-11-11T04:16:59.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Коом

**Кара-Кече көмүр кенинде кар жаагандыгына байланыштуу жолдорду тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Ушуга байланыштуу көмүр жүктөө убактылуу токтотулду. Бул тууралуу "Кыргызкөмүр" ААК маалымдады.**

Ишкана айдоочуларга жолдор тайгак болгондуктан, коопсуздук эрежелерин сактоону эскертет. Кара-Кечеге багыт алган айдоочулардан унааларынын дөңгөлөктөрүнө чынжыр тагып, жолдо керектелүүчү шаймандарды ала келүү сунушталды.

> Маалым болгондой, жолдор толук тазалангандан кийин көмүр жүктөө иштери кадимки тартипте улантылат.

"Кыргызкөмүр" ААК айдоочуларды этият болууга жана жол коопсуздугуна жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырат.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**