> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Нарын шаарында жылуулук берүү 30 откана аркылуу жүргүзүлүүдө
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/11/naryn-shaarynda-zhyluuluk-beruu-30-otkana-arkyluu-zhurguzuluudo/
- Published: 2026-11-11T12:55:00.000Z
- Updated: 2026-11-11T12:54:59.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Коом

**Нарын шаарында жылуулук берүү 30 откана аркылуу жүргүзүлүп, процесс шаар бийлигинин көзөмөлүндө. Учурда шаар тургундарына жана социалдык-экономикалык объектилерге жылуулук берилүүдө. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.**

> Маалыматка караганда, отканалардын биринде түтүн соргуч насостун (дымосос) авариясы катталган. Натыйжада негизги насос күйүп кеткен. Запастагы насос орнотулганы менен, анын айлануу ылдамдыгы талапка жооп бербей калган. Учурда кубаттуулугу жогору жаңы түтүн соргучту орнотуу үчүн демонтаж иштери жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, шаардагы отканалар кадимки көмүр жагуучу эмес, суу жылытуучу казандар менен жабдылган. Алар атайын майда көмүр жагууга ылайыкташтырылган. Отканаларга жеткирилген штыб көмүрдүн калориялуулугу **4110ду** түзүп, бул орточо көрсөткүчтөн жогору сапат экенин билдирет.

Бардык отканаларда жылуулук өндүрүү белгиленген талаптарга ылайык жүргүзүлүп, жаралган көйгөйлөр өз убагында чечилүүдө. Абал шаар мэринин көзөмөлүндө болуп, атайын комиссия тарабынан мезгил-мезгили менен текшерилип турат.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**