> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ошто 5200 орундуу заманбап спорттук комплекс курулат
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/11/oshto-5200-orunduu-zamanbap-sporttuk-kompleks-kurulat/
- Published: 2026-11-11T03:45:00.000Z
- Updated: 2026-11-11T03:57:12.000Z
- Author: Рыспек кызы Айжанар
- Tags: Коом

**Ош шаарында эл аралык стандарттарга жооп берген заманбап көп функционалдуу "Жаштык Арена" спорттук-оюн-зоок комплексин куруу пландалууда. Бул тууралуу кечээ Ош шаарынын мэри "Кыялымдагы Кыргызстан: Ош-2026" форумунда билдирди.**

> Долбоорго ылайык, арена Кызыл-Кыштак айылдык аймактык башкармалыгында **5 000ден 5 200гө** чейин көрүүчүнү кабыл алууга ылайыкташып курулат.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/903070257_1479641584354734_810623248118123518_n-1.jpg)

Комплексте муз аянтчасы, хоккей жана күрөш боюнча мелдештерди өткөрүүчү универсалдуу спорттук, концерттик жана маданий иш-чараларга арналган аянтчалар, соода жана тамактануучу жайлары каралган.

 *"Жаштык Арена" ишке берилгенден кийин Ош шаарында эл аралык деңгээлдеги спорттук мелдештерди, концерттерди жана ири маданий иш-чараларды өткөрүүгө кеңири мүмкүнчүлүк түзүлөт.*

Курулуш иштерин **2027-жылдын** март айында баштап, **2030-жылдын** март айында аяктоо болжолдонууда.

***Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [***Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)***,** [***Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)***,** [***Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)***,** [***Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [***Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**