> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Төө-Ашууда оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/11/too-ashuuda-oor-zhuk-tashuuchu-unaalarga-chektoo-kirgizildi/
- Published: 2026-11-11T04:44:00.000Z
- Updated: 2026-11-11T04:43:59.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Коом

**Өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кар жаап, жаан-чачынга байланыштуу ашууларда жолдорду кардан тазалоо жана тайгакка каршы иштер жүргүзүлүүдө. Айрым багыттарда оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу Транспорт министрлигинин маалымат кызматы билдирди.**

> Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош автожолунун **114-138** жана **198-209-чакырымдарында** кар тазалоо жана жолго кум-туз аралашмасын чачуу иштери аткарылууда. Учурда каттам бар, жол ачык.

Ал эми Төө-Ашуу ашуусунда аба ырайынын шарттарына байланыштуу оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына 11-ноябрда саат 06:00дөн тартып Сосновка постунан баштап убактылуу чектөө киргизилген.

Өтмөк ашуусунда кар жаап жаткандыктан, жол тазалоо иштери жүрүүдө. Учурда жол ачык жана унаалардын каттамы камсыздалган.

Ошондой эле Суусамыр-Талас-Тараз автожолунун ****60-чакырымындагы** "Алим" оор жүк ташуучу унаалардын токтотуучу жайынан тартып, оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилди.

Боом капчыгайында жамгыр жаап жатканына карабастан, жолдор таза жана каттам үзгүлтүксүз жүрүүдө.

> Министрликтин маалыматына караганда, жол кызматкерлери тарабынан автожолдордо үзгүлтүксүз көзөмөл жүргүзүлүп, коопсуздукту камсыздоо иштери улантылууда.

Министрлик айдоочуларды аба ырайын эске алууга, ылдамдыкты азайтууга, жол эрежелерин так сактоого жана киргизилген убактылуу чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат.