> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Төө-Ашууда жүк ташыган унааларга коюлган чектөө алынды
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/11/too-ashuuda-zhuk-tashygan-unaalarga-koiulgan-chektoo-alyndy/
- Published: 2026-11-11T07:05:35.000Z
- Updated: 2026-11-11T07:05:35.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**11-ноябрда саат 11:00дөн тарта Бишкек–Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусунда оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына киргизилген убактылуу чектөө алынды. Бул тууралу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен кабарлады.** 

Буга чейин, 11-ноябрда саат 06:00дөн тартып Сосновка постунан баштап убактылуу чектөө киргизилгени [кабарланган.](https://im.kg/koom/2026/11/11/too-ashuuda-oor-zhuk-tashuuchu-unaalarga-chektoo-kirgizildi/) 

Чектөө аба ырайынын шарттарына байланыштуу жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана жол тыгындарынын алдын алуу максатында коюлган.

> Маалым болгондой, учурда чектөө алынып, оор жүк ташуучу унаалардын каттамына кайрадан уруксат берилди.

***Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [***Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)***,** [***Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)***,** [***Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)***,** [***Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [***Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**