> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ысык-Көлдөн 2 200 метр синтетикалык тор чыгарылды
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/11/ysyk-koldon-dagy-2-200-metr-eski-sintetikalyk-tor-chygaryldy/
- Published: 2026-11-11T04:59:00.000Z
- Updated: 2026-11-11T04:58:59.000Z
- Author: Рыспек кызы Айжанар
- Tags: Коом

**Ысык-Көл облусунда 10-ноябрда суу биоресурстарын коргоо, браконьерликтин алдын алуу жана көлдүн экологиялык абалын жакшыртуу максатында рейддик иш-чара өткөрүлдү.**

Иш-чараны Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ысык-Көл аймактык башкармалыгынын кызматкерлери жүргүзүшкөн.

> Министрликтен билдиргендей, рейддин жүрүшүндө көлдөн узундугу **2 200 метр** эски синтетикалык балык уулоочу торлор жана **30 килограмм** таштанды чыгарылды.

Мекеме көлдө калган эски синтетикалык торлор суу жаныбарлары жана балыктар үчүн коркунуч жаратып, суу экосистемасына терс таасирин тийгизерин белгиледи. 

***Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [***Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)***,** [***Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)***,** [***Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)***,** [***Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [***Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**