> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бактияр Алиев Социалдык фонддун ишин журналисттерге тааныштырды
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/12/baktiiar-aliev-sotsialdyk-fonddun-ishin-zhurnalistterge-taanyshtyrdy/
- Published: 2026-11-12T12:04:00.000Z
- Updated: 2026-11-12T12:03:59.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Коом

**Бүгүн "Ачык кабинет: Жоопкерчилик аймагы" республикалык медиадолбоорунун алкагында Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиевдин пресс-күнү өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө журналисттер мекеменин күнүмдүк иши менен таанышып, жетекчиге суроолорун түз берүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Бул тууралуу Социалдык фонд билдирди.**

> Маалым болгондой, иш күнүн төрага "Биринчи радио" аркылуу түз эфирге чыгуу менен баштады. Ал пенсиялык системанын учурдагы абалы, каржылоонун акыркы көрсөткүчтөрү тууралуу маалымат берип, угармандардын суроолоруна жооп берди.

Андан соң Социалдык фонддун борбордук аппаратында орун басарлары, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жана райондук-шаардык башкармалыктардын жетекчилери менен онлайн кеңешме өткөрдү. Анда 1-октябрдан тартып жогорулатылган пенсияларды өз убагында жана толук каржылоо маселеси каралып, алдыдагы милдеттер белгиленди.

Пресс-күндүн алкагында санариптештирүү багытындагы иштер да көрсөтүлдү. Адистер пенсияларды проактивдүү, башкача айтканда автоматтык түрдө дайындоо жана төлөө боюнча автоматташтырылган маалыматтык системанын иштөө тартибин тааныштырышты. Бул система жарандардын райондук башкармалыктарга баруусун жана кагаз түрүндөгү маалымкаттарды чогултуусун талап кылбайт.

Ошондой эле Бактияр Алиев жарандарды кабыл алуу бөлүмүндө пенсионерлер менен жолугуп, алардын кайрылууларын карады. Көтөрүлгөн маселелерди жеринде чечүү үчүн тиешелүү адистерге тапшырмаларды берди.

Мындан тышкары, эл аралык Карылар күнүнө карата өткөрүлгөн иш-чараларды колдогон демөөрчүлөргө жана өнөктөштөргө ыраазычылык каттары тапшырылды. 

Төрага ошондой эле Социалдык фонддун Бишкек шаарынын Биринчи май райондук башкармалыгынын жетекчисин кабыл алып, жаңы имараттын курулуш планы, долбоордук чиймелери жана жарандар үчүн түзүлө турган шарттар тууралуу маалымат алды.

> Социалдык фонддун маалыматына ылайык, "Ачык кабинет" форматы мекеменин ишинин ачык-айкындуулугун камсыздоого жана пенсия менен камсыздоо жаатындагы жетекчиликтин жоопкерчилигин көрсөтүүгө багытталган.