> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Беш өлкөнүн өкүлдөрү Кыргызстандын ири курулуш долбоорлору менен таанышты
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/12/besh-olkonun-okuldoru-kyrgyzstandyn-iri-kurulush-dolboorloru-menen-taanyshty/
- Published: 2026-11-12T10:00:59.000Z
- Updated: 2026-11-12T10:00:59.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Коом

**Бүгүн Бишкектеги "Ак-Кеме" мейманканасында "Борбордук Азия - Кытай" курулуш министрлеринин экинчи конференциясынын алкагында Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан ири курулуш долбоорлорунун көргөзмөсү уюштурулду.**

> Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, көргөзмөдө ири объектилердин архитектуралык макеттери жана долбоордук чечимдери мультимедиялык экрандарда, санариптик жабдууларда көрсөтүлдү.

Иш-чарага Кыргызстандын курулуш министри Нурдан Орунтаев, Кытайдын турак жай, шаардык жана айыл-кыштак курулуш министри Ни Хун, ошондой эле Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын тиешелүү тармактарынын жетекчилери катышты. Мындан тышкары, "Борбордук Азия - Кытай" форматынын катчылыгынын башкы катчысы Сунь Вэйдун да болду.

Нурдан Орунтаев делегация башчыларын көргөзмө менен тааныштырып, Кыргызстанда, анын ичинде туристтик аймактарда ишке ашырылып жаткан ири курулуш жана инфраструктуралык долбоорлор тууралуу маалымат берди. Ошондой эле өлкөнүн климаттык өзгөчөлүктөрүнө жана туристтик мүмкүнчүлүктөрүнө токтолуп, чет өлкөлүк өкүлдөрдү Кыргызстанга жылдын бардык мезгилинде келип кетүүгө чакырды.

Көргөзмөнүн максаты - Кыргызстандын курулуш тармагындагы жетишкендиктерин жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн эл аралык өнөктөштөргө тааныштыруу, ошондой эле тармактагы кызматташтыкты кеңейтүү.