> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкек - Кант жолунда жарыктандыруу системасы ишке кирди
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/12/bishkek-kant-zholunda-zharyktandyruu-sistemasy-ishke-kirdi/
- Published: 2026-11-12T12:37:00.000Z
- Updated: 2026-11-12T12:37:00.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Коом

**Бишкек - Кант унаа жолунун Свердлов районундагы бөлүгүндө орнотулган жарыктандыруу системасы ишке кирди. Бүгүн жолдун ортосуна орнотулган чырактар алгачкы жолу күйгүзүлдү.**

> Свердлов райондук администрациясынын маалыматына ылайык, аталган жолдун курулушу толугу менен аяктап, пайдаланууга берилген. Анын расмий ачылыш аземи да өткөрүлгөн.

Жарыктандыруу системасынын иштеши менен Свердлов районунун башчысы Бакыт Караев жеринен таанышты.

Жаңы чырактар түнкүсүн жолдун көрүнүшүн жакшыртып, айдоочулар жана жөө жүргүнчүлөр үчүн коопсуз шарттарды түзүүгө багытталган.